Ош. Облустагы медициналык мекемелерди оңдоп-түзөөгө Орусия 71 миллион сом бөлдү
Ош облусундагы медициналык мекемелерди оңдоп-түзөө иштерине Орусия гранттык негизде 71 миллион сом бөлдү. Муну Ош облустук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Абдрашид Жаанбаев билдирди. Облустук бириккен клиникалык ооруканасы үчүн 16 миллион сом, облустук балдар ооруканасы үчүн 15 миллион сом, облустук онкологиялык борборго 15 миллион сом, психикалык ден соолукту чыңдоо борборуна 5 миллион сом, облустук наркологиялык диспансерге 5 миллион сом, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 5 миллион сом бөлүнүптүр. “Учурда облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда оңдоп-түзөө иштери башталды”,- дейт Жаанбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

