super.kg logo

Мэрия: "Бишкек шаарында жер маселеси акырындап чечилүүдө"

 
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы боюнча Жер ресурстар башкармалыгынын командасы 1999-жылга чейин курулган жеке турак үйлөр үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча шаардыктардын маселелерин чечет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө жеке турак жай куруу маселелери боюнча 189 жарандын арызы каралууда. Арыздардын көпчүлүгүндө оң чечим чыгарууга мыйзамдуу негиздер бар.
Коомдук бирикмелер менен бирдикте жумушчу топтор түзүлүп, анда жер участокторун инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын имаратында (КМККБ) шаардыктардын кайрылуулары үчүн коомдук кабылдама түзүлдү. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөчөсү 188", - деп жазылат билдирүүдө.
Жакында Бишкек шаардык Кеңешке (БШК) 1999-жылга чейин курулган азыркы турган жеке турак үйлөрдүн жер участокторун мыйзамдаштыруу маселелерин кароонун жол-жобосун жөнгө салган жобонун аныктыгын тактоо боюнча кат жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 1999-жылдан кийин курулган үй курулуштары үчүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору буга чейин демилгеленип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн, азыркы учурда көрсөтүлгөн долбоордун макамы такталууда.
20-ноябрда үч үй-бүлө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун алышкан, ага ылайык, алар турак үйлөрүнө укук ырастоочу документтерди ала алышат. Бул багыттагы иштер жер саясаты, шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулунун жетекчилиги астында улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: