super.kg logo

Исфана шаарынын аэропортуна Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды

 

Исфана шаарынын аэропортуна мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында жарыялады.

"Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук Сертификатына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Авиацялык эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем", - деп белгиледи Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.

"Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экендигин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылууда, жана бул багыттагы иштер улантылат", - деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Андан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин доордун көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмеринин музейине барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: