super.kg logo

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, премьер-министрдин милдетин 2020-жылы "Кант түтүк-шифер ишканасы" ЖЧК тарабынан курулган шифер өндүрүү заводуна барды.

Ишкананы кыдыруу учурунда анын учурдагы ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, келечекте толук кандуу өнөр-жай кластерин түзүү зарыл, анда сырьену өндүрүүдөн тартып, продукцияны өндүрүүгө, анын ичинде экспортук максатта өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлүшү кажет.

"Өкмөт ишкананы кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт",- деп белгиледи Артём Новиков.

Учурда заводдун продукциясы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда, мында ишкана модернизацияланган соң, продукцияны Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларына экспорттоо мүмкүндүгү бар.

Андан соң Артём Новиков "Түштүк-кыргыз цемент" заводуна барды, анда ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси жана аны өнүктүрүү келечеги менен таанышып чыкты.

Белгиленгендей, учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу заводдун бир бөлүгү гана иш алып барууда.

Новиков ишкана жетекчиси менен биргеликте ишкананын көйгөйлүү маселелерин жана аны өкмөт тарабынан колдоого алуу чараларын талкуулады. Ошондой эле чет элдик адистердин келүүсү маселеси талкууланды. Алар менен биргеликте ишкананы модернизациялоо, анын ичинде заводду толук өндүрүш кубаттуулугуна чыгаруу үчүн өндүрүлгөн продукция көлөмүн жогорулатуу маселеси иштелип чыгат, натыйжада, келечекте продукцияны Өзбекстанга экспортоого мүмкүндүк ачылат.

Жыйынтыгында, премьер-министрдин милдетин аткаруучу 450дөн ашуун адамды жумуш менен камсыздап турган Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводуна барды. Завод көп убакыттан бери токтоп турат, ишкана жетекчилиги тарабынан анын ишин жандандыруу жана модернизациялоо боюнча аракеттер кабыл алынган эмес.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ишкананы кыдырып чыгып, Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тамеки өстүрүү, аны ферментациялоо жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга экспорттоочу толук кандуу тамеки кластерин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

"Ишкананын модернизациясы жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүнү, социалдык, анын ичинде республикалык бюджетке каражаттарды чегерүүнү камсыз кылат. Биз мындай демилгени ар дайым колдойбуз", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: