super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу Орусиянын мамлекеттик думасынын төрагасы менен жолугуп, кызматташуу тууралуу талкуулашты

 

Кечээ, 7-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап буга чейин жемиштүү өз ара байланышты мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

"Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын алкагындагы жолугушуулар бул жааттагы алаканы арттыруудагы негизги кадам катары эки элдин достугун бекемдөөдө өтө маанилүү", - деди Талант Мамытов.

Муну менен катар Төрага COVID-19 пандемиясы Кыргыз мамлекети менен Орусиянын кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгилеп, буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды жана талаптарды сактоо менен аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канааттандырбай жаткандыгын белгилеген төрага Талант Мамытов: "Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда", - деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: