super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте айдоочулар митингге чыгышты

 
Митингчилер ушундай лозунгдар менен министрликтин алдында турушту
Митингчилер ушундай лозунгдар менен министрликтин алдында турушту
Айдоочулар өтө оор жүк ташуучу унаалардын өлкөгө киришине нааразы
Айдоочулар өтө оор жүк ташуучу унаалардын өлкөгө киришине нааразы
Айдоочулар өтө оор жүк ташуучу унаалардын өлкөгө киришине нааразы
Нааразычылык акциясынын катышуучулары
Нааразычылык акциясынын катышуучулары
Чогулгандар түшкө маал тарап кетишти
Чогулгандар түшкө маал тарап кетишти

Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдына оор жүк ташуучу унаалардын 30дай айдоочусу митингге чыгышты. Алыс сапарга каттап иштеген бул айдоочулар салмагы 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салууну талап кылышууда. "Бул өлкөдө жолдордун бузулушуна алып келүүдө",- дешет айдоочулар. Чогулгандар эгер талаптар аткарылбаса министрликтин алдында кой соёлу деп келишкен экен. Бирок аксакал айдоочулар каршы чыгып бул нерсе токтотулуптур. Түшкө жакын акциянын катышуучулары тарап кетишти. Талаптары аткарылбаса 10-октябрда кайра чогуларын айтышты алар.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: