Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 10 эсе ашып кетти
Бүгүн, 8-декабрь, саат 9:40ка карата Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 10 эсе ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 201 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 148). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 193 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 138).
Аламүдүн-1 кичи району – 216 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 178).

