super.kg logo

Тышкы иштер минстрлиги АКШ элчилигин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

 

Элчи Дональд Лунун сөзүндө өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана тергөөгө басым жасоо элементтери бар экендиги АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине айтылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кандай гана жакшы максат болбосун эл аралык мамилелердин жана улуттук мыйзамдардын принциптери бузулбоого тийиш", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ элчилиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда "АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт", - деп жазылган.

Кийинчерээк АКШ элчиси журналисттерге сыйлык тапшыруу аземинде "Акыркы 18 айдын ичинде Кыргыз өлкөсүндө кандай маанилүү окуялар болду? Ковидби, шайлообу, же революциябы? Жок. Бул аралыктагы эң маанилүү окуя - Матраимовдор тууралуу журналисттердин иликтөөсү", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: