super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы - Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан символикалуу күн.

Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк турмушубузда маанилүү орун алды.

Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларын коомчулукка чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышат.

Технологиялардын өнүккөн учурунда жашообузду маалыматсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор.

Мамлекетибиздин туура багытта өнүгүүгө жол алышында коомду калыс маалымат менен камсыздоо, келечек муундардын аң-сезимине, дилине руханий баалуулуктарды терең сиңирүү башкы максат. Мына ушул милдетти ишке ашыруу сиздердин чыгармачылык дараметиңиздерден түздөн-түз көз каранды.

Кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот деп бекем ишенем.

Түйшүктүү, ары татаал ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди, заман талап кылган жаңыча көз караштарды, талбай изденүүлөрдү каалайм.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш тилейм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: