Дагы деле дайыны жок. Баткенде 6 балалуу энени издөө иштери 15 күндөн бери уланууда
Баткенде 45 жаштагы Аймактым Кожонованы издөө иштери дээрлик 15 күндөн бери уланып жатат. Азырынча издөө иштери жыйынтык бере электигин Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, издөө иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда.
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Аймактым Кожонова ушул жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган.
25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.
Ал эми 27-ноябрда Мактым Кожонова 20-ноябрда тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.





1 |