super.kg logo

Данир Иманалиев БШКнын төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды

 

Данир Иманалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты аталган комиссиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, Данир Иманалиев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атынан дайындалганы маалымдалат.

"Негизи жардамчылардын, кеңешчилердин кызмат орду - патронаттык кызмат болуп саналат. Ошондуктан аларды мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн дайындай алат" , - дейт басма сөз кызматкери.

Маалым болгондой, Данир Иманалиев 2016-жылы Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы-акими кызматына дайындалган. 2020-жылдын август айында өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: