super.kg logo
  Саясат  

Президенттикке талапкер Кубан Чороев БШКнын билдирүүсү боюнча жооп берди

 
Президенттикке талапкер Кубан Чороев БШКнын жумушчу тобунун билдирүүсү боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда ал мыйзам тарабынан каралган бардык милдеттенмелерди 100 пайызга аткарганын айтат.
"Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо" жөнүндөгү мыйзамдын 52-беренеси:

1.Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек.

2. Кол чогултуу президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат; (100 пайызга аткарылды). Кол топтоо баракчалары жана кол топтоо процесси менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлөт; (100 пайызга аткарылды). Колдоочулардан кол топтоо кол тамга коюлучу барактар үчүн акча төлөнгөн күндөн баштап жүргүзүлөт; (100 пайыз аткарылды).

Басмакана менен келишим 11-ноябрда, шайлоонун эсеп фонду ачылган күнү түзүлгөн. Келишимде алардын кызматы үчүн жүргүзүлгөн төлөмдүн күнү, келишим түзүлгөн күн экени белгиленген. Мен аларга кепилдик катын бергем, бул эки тараптын макулдугу менен төлөм жүргүзүлдү дегенди билдирет. Себеби, ошол маалда бизге канча баракча керек экени белгисиз эле. Кол топтоо баракчаларын басмакана биздин керектөөбүзгө жараша даярдап берип турган. Мыйзамдын талаптарын аткаруунун башка жолу болгон эмес" , - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 7-декабрда БШК президентикке талапкер Кубан Чороевдун колдоочуларынан чогулткан кол тамга баракчаларын кабыл албашы мүмкүн экендиги маалымдалган. Буга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева кол топтоо баракчаларына байланыштуу мыйзамда жазылган пунктунун аткарылбай калышы себеп экендигин түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: