Артём Новиков Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин жыйынына катышууда
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Фергана шаарында өкмөттүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.





1 |