super.kg logo

Бир кезде мэрлик кызматты талашкандар кеңешчи болушту. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев ооруканадан чыгарылган. Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын жыйындысы бир шилтемеде

 
Бүгүн, 8-декабрь. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Мэрлик кызматты талашкандар бир учурда кеңешчи болушту

Асхат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болсо, Төрахан Жунусбеков "Мегаком" компаниясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды.

Октябрь айында Нариман Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалып, Азиз Суракматов кызматтан кетири менен ал мэрдин милдетин аткарып калган. Анда айрым жарандык активисттер Нариман Түлеевге каршы митингге чыгышкан. Ошолордун катарында жогоруда аты аталган кеңешчилер дагы болуп, мэрлик кызмат талашка түшкөн. Мэриянын алдында бир канча жолу митинг өтүп турган. Көпкө созулган кызмат талаштан кийин шаардын жетекчилигине Балбак Түлөбаев келген. Анда дагы Асхат Осмонов Балбак Түлөбаевдин өзүнө кайрылып, "сиздин бул кызматка келишиңизди каалабайбыз" деп айткан эле. Ал эми Төрахан Жунусбековду мэриянын имаратына киргизип кеткен Балбак Түлөбаев кызмат орун сунуштаган.

Төрахан Жунусбеков кеңешчилик кызматка барганы боюнча кабары жок экенин SUPER.KG порталына билдирди. Социалдык тармактарда булардын кызматка дайындалышы кызуу талкуу жаратып жатат. Айрымдар "Мээрбек Мискенбаев иштеген кызматка Төрөхан Жунусбеков деле иштей алат" деп жазышууда. 2017-жылы Мээрбек Мискенбаев "Мегаком" компаниясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалганда дагы кызуу талкуу болгон.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев качан ооруканадан чыгарылган?

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев операция болгондон 10 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Ал Космосбек Чолпонбаев учурда кайсы жакта экенин билбей турганын айтты. Ал эми жактоочу Марат Эшперов берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Эки күндөн бери жактоочу бул суроого жооп берүүдөн баш тартып жатканы эмнени билдирет?

13-ноябрда Космосбек Чолпонбаевге операция жасалган. Ал буга чейин 320-берененин ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Президенттин милдетин аткаруучу Орусиянын мамлекеттик думасынын төрагасы менен жолукту

6-8-декабрь күндөрү президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвада иш сапары менен болот. Ал кечээ Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап буга чейин жемиштүү өз ара байланышты мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

"Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын алкагындагы жолугушуулар бул жааттагы алаканы арттыруудагы негизги кадам катары эки элдин достугун бекемдөөдө өтө маанилүү", - деди Талант Мамытов.

Муну менен катар төрага COVID-19 пандемиясы Кыргыз мамлекети менен Орусиянын кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгилеп, буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды жана талаптарды сактоо менен аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канааттандырбай жаткандыгын белгилеген төрага Талант Мамытов: "Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда", - деп кошумчалады.

Артём Новиков Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдери менен жолукту

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Фергана шаарында өкмөттүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланды.

Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: