Бишкекте түн ичинде көчөдө тоңуп калгандар көп болууда. Милициянын кайгуул кызматы жардам көрсөтүүдө



Милициянын кайгуул кызматкерлери суукта туруктуу жашаган жери жок жарандарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"Кар жаап, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаарга үй-жайы жок жарандардын айрыкча түн ичинде көчөдө суукта тоңуп, же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин 102 кызматына да жарандар тарабынан көп кайрылуулар түшүп жатат.
Милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардамын көрсөтүп, бир сутка ичинде сууктун күнүндө алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен алып чыгып, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришүүдө. Ал жерден бул жарандар ысык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат.
Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандарды үй-жайсыз калган жарандарды көчөдө үшүп, же тоңуп калган фактыларын байкаса дароо 102 кызматына кабарлоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.

