super.kg logo

Тоолуу райондордо кар жаайт. 9-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эртең, 9-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, Нарындын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -8….-13, күндүз -3…+2,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Нарын дубанында түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: