super.kg logo

Оштун мэри ишкерлерди тоскоолдуктарды ачык айтууга жана шаарды бирге өнүктүрүүгө чакырды

 
Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Өнүккөн Ош-2020" аталышындагы жыйындын жүрүшүнө ишкерлерди тоскоолдуктарды ачык айтууга жана шаарды бирге өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэри ишкерлер өлкө экономикасынын кыймылдаткыч күчү жана локомотиви, алар тышкы рынокту барган сайын активдүү өздөштүрүп, өлкөгө жаңы технологиялар менен демилгелерди жаңылык катары киргизип жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле калаа башчысы ишкерлер менен ачык пикир алышып, тоскоолдуктарды ачык айтууга чакырды.
"Ишкерлердин жардамы менен шаарыбызда, өлкөбүздө жаңы жумуш орундары ачылып, жаңы өндүрүштөр пайда болууда. Мыкты заманбап имараттар жана үйлөр курулуп, кызмат көрсөтүү чөйрөсү өркүндөп, туризм жана соода өнүгүүдө. Мамлекеттин бюджети көбөйүп, социалдык милдеттенмелер аткарылууда. Ош шаарынын мэриясы бизнес жаатындагы жаңы демилгелер менен идеяларды кабыл алууга ар дайым даяр. Ар кандай маанилүү жолугушууларда ишкерлер менен үзгүлтүксүз диалогдор жүргүзүлүп турат.
Ошондой эле бүгүнкү күндө болуп жаткан бардык объективдүү кыйынчылыктарга карабастан ишкерлер өз ишмердүүлүгүн талыкпай жүргүзүп, салыктарды төлөп келе жатышат.
Бул биздин ата мекендик ишкерлер - өз ишин уюштурууга жана ийгиликтүү өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө өз ордун таап, бекем ээлөөгө жетишкен калктын демилгелүү жана энергиялуу категориясы экендигинен кабар берет", - деди Таалайбек Сарыбашов.
Иш-чарага 150гө жакын ишкерлер катышып, алар өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Мындан тышкары банк өкүлдөрү, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчилери шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш пландарын презентация кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: