super.kg logo

Арменияда оппозиция тарап митингге чыгып, премьер-министрдин отставкага кетүүсүн талап кылууда

 

Армениянын борбору Ереван шаарында оппоцизиялык маанайдагы жарандар митинге чыгып, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкага кетишин талап кылууда. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандар көчөлөрдү жаап жатышат.

"Көрүнүп тургандай, Пашинян отставкага кеткен жок. Демек, ушул учурдан баштап Армениянын жарандары нааразычылык акцияларына чыгууга легитимдүү укугу бар", - деген оппозициялык партиянын өкүлү Ишхан Сагателян.

Ал мекендештеринин мыйзам чегинде гана иш алып баруусун, провокацияга алдырбоону жана укук коргоо органдарынан Армениянын жашоочуларынын тынчтык акциясына чыгуу укугун камсыз кылууну суранды.
Эске салсак, Армения, Азербайжан жана Орусиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Ага ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн. Мындан улам армениялыктар өкмөт башчыга каршы чыгып, отставкасын талап кылууда. Оппозиция тарап өкмөт башчы Армения тарап үчүн ыңгайсыз келишимге кол койгон деп айыптап жатат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: