super.kg logo

Тогуз-Тородо баңгизат менен алектенген жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда баңгизат менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

29-ноябрь күнү Тогуз-Торо РИИБине райондун жашоочусу кара куурайга окшогон жыты бар баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жыйынтыгында шек жараткан жаран Тогуз-Торо районунун 1988-жылы туулган тургуну Ч.Н. экендиги аныкталып, 2 даана тоголок формада, өзгөчө кескин жытка ээ болгон күрөң түстөгү баңгизатын жанында алып кетип жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал тоолордон баңгизат камтыган чөптөрдү терип келип, үйүндө майдалап, андан соң атайын жасалган темир идишке салып пресстеп, андан тоголок формага ээ болгон баңгизатын даярдап жүргөндүгүн айтып берген. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: