super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери Индиядагы белгисиз ооруну изилдөөгө кошулушат

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Индиянын Андхра-Прадеш штатында жайылып жаткан белгисиз ооруну изилдөөгө кошулушат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз илдеттин келип чыгышын иликтөө үчүн атайын топ түзгөн. Аталган топко эми ДССУнун өкүлдөрү дагы кошулары белгилүү болду.

Ошол эле учурда оору чыгып жаткан Элуру шаарына кошумча дарыгерлер жана "Тез жардам" кызматы да жөнөтүлөт.

Индиядагы белгисиз оору өткөн жекшемби күнү башталган. Оорунун белгилери катары баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу жана денени калтырак басуу болуп жатат. Жергиликтүү бийлик белгисиз оору адамдан адамга жукпаарын айтышууда. Учурда бул оору менен ооругандардын саны 800гө жетип, бир адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.12.2020. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка түшкөн балээ болду го.Качан тынч заман келет экен.Оорудан сакта Аллахым.
09.12.2020. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осмон империясындагы ооруга окшошго
09.12.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жукпайт деп туруп жайылып атат дегениңер логикага туура келбей турат
09.12.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жараткан Тенирим тынчылык берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: