5G деген эмне? "Huawei" менен 5G'нын кандай байланышы бар?
Технология өнүккөн сайын күн санап жаңы терминдер, жаңы техникалар пайда болуп жаткан кези. Жаңы чыккан техниканы, терминдерди үйрөнүп жетишип бүткөнчө кайрадан экинчиси үйрөнүүгө даяр болуп калган заманда жашап жатабыз. Убакыт кандай тездик өтүп жатса, технология дагы дал ушундай темп менен өнүгүүдө.
Акак Сыргак кызы SUPER.KG порталына 5G'нын артыкчылыктары, ден соолукка зыяны тууралуу маек курду.
Акак Сыргак кызы Германиянын Дортмунд шаарындагы Дортмунд университетинин Экономикадагы информатика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Учурда Германияда жашап, эмгектенет.
*5G деген эмне?
- Буга чейин 1G, 2G, 3G, 4G дегендерди угуп, колдонуп эле жүргөнүбүздөй 5G дагы бул 5-генерациядагы уюлдук желенин стандарты. 4G'нын тездиги секундасына 100MB болсо, 5G секундасына 10GB. Башкача айтканда, 4G'га караганда 10 эсе тез жана даталарды дароо ошол замат "real-time" (убакытты) жүктөй алат.
*5G ден соолукка зыянбы?
- 5G тездиги менен гана айырмаланбастан бир канча дивайстарды (devices) бир убакытта, (одновременно) тагыраагы 1 миллионго чейин байланыштыра алса, ал эми 4G болжол менен 200 гана дивайсты (devices) бир убакытта (одновременно) байланыштыра алат. Ошондуктан 5G азыркы учурда негизинен индустрияда, "Smart City" (Акылдуу шаар), "Internet of Things" тармактарына керек. Мисалы, кабелсиз байланышкан же сенсорлор менен иштеген машиналар, роботтор жана телемедицинада анан "autonomous driving" (өзүн башкаруу) тармактарына багытталган. Ал үчүн 5G антенналар орнотулуп, алар бири-бири менен "fiber-optic" кабелдери менен туташтырылышы керек. Аны ишке ашыруу үчүн көп каражат жана убакыт талап кылынат. 5G бардык мобилдик телефондордо кармабайт, ага атайын 5G кармай турган чип орнотулган телефон керек.
*"Huawei" менен 5G'нын кандай байланышы бар?
- Кытайдын "Huawei" компаниясы дүйнөдөгү 5G технологиясынын эң көп патенти бар компания, андан кийинки эле "Ericson" жана "Nokia" турат. АКШ болсо өзүнүн Канада, UK сыяктуу партнёрлору менен биргеликте"Huawei'дин" бул технологиясын колдонбоону сүйлөшкөн. Алар Кытай бул жаатта дүйнөлүк маркетти багындыруусун каалабайт. Ага бир канча себептер бар...
*5G'нын кандай артыкчылыктары бар?
- Мындан тышкары 5G ден соолукка зыян деген имиштер айтылып келет. Жадакалса Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы өзүнүн интернет баракчасында уюлдук желе жөнүндө жазган: "Possibly carcinogenic to humans" - "адамдагы рак илдетин козгошу мүмкүн". Бирок башка изилдөөлөрдө бул тууралуу так далил жок экендиги айтылып келет.
*5G технологиясы Кыргыз өлкөсүнө орнотулганбы?
- 5G технологиясы Кыргыз өлкөсүнө эмес, көпчүлүк өнүккөн өлкөлөргө да азырынча толук жете элек. Бизде, тактап айтканда, Кыргыз өлкөсүндө 5G эмес, дагы деле 3G, 4G толук орнотула элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
Asel69

08.12.2020. 23:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маалымат экен. Бизде 4G деле жакшы иштейт. Ошол эле жетишет
Nuuman

09.12.2020. 08:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келсин 5g
aizada2020

09.12.2020. 09:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 ж бул келечек. Анан зыян ж.б дегендер аман эле болсун. Эртеби кечпи 5ж колдонууга туура келет анткени заман алмашып, жаны кучтуу технологиялар чыгып атат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.