Блогер Айжан Байзакова атасы абактан чыккандыгын социалдык баракчасына жазып чыкты



Казакстандык блогер Айжан Байзакова атасы абактан чыккандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Менин атам жаңы эле абактан чыкты... 3 жылдан бери бул тууралуу эч нерсе айтпай келдим. Бул биздин сырыбыз болчу. Ал эми азыр бул маалыматты башкалар башка нукта колдонуп кетишине жол бербейм.
2018-жылы март айында атамды үйдөн кармап кетишкен. Ал үйдө болчу, (эч кимден деле жашынган эмес) тим эле террорчу-киши өлтүргүч сыяктуу кылып алып кетишкен. Анда атам 60 жашта болчу. Атамды 5 жыл эркинен ажыратышкан. Бул күнү мен үй-бүлөмдүн жоопкерчилигин өз моюнума алгам. Биз жадакалса коштошконго дагы жетишпей калганбыз. Мага гана атама дары алып барып берүүмө уруксат беришкен. Апам стресс болду, аны алаксытуу үчүн саякатка алып чыктым. Ошентип арадан 3 жыл өттү. Бул аралыкта атам небересин дагы көргөн жок. Бир тууган агасы каза болду. Бул тууралуу ал билген дагы жок.
Атам абактан чыккандан кийин анын бактылуу карылыкта жашашына бардык шарттарды түзүп берүүнү ойлочумун.
Атам эмне себептен камалып калганын айтуунун деле кажети жок. Ак жеринен күнөө болду. Ал маанилүү деле эмес. Азыр акталып, күнөөсү жок экендиги аныкталды", - деп жазып калтырган Айжан Байзакова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Belek1710

09.12.2020. 10:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилегиңе жет алтын кыз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.