super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду түзүлөт". Артём Новиков Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри менен жолукту

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусу болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты, бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр-жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин жыйындысын кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: