super.kg logo

1945-жылы согушта СССР жеңишке жеткендигин алгачкылардан болуп жарыялаган телеграф оператор каза болду

 

Беларусь өлкөсүндө 1945-жылдагы жеңишти алгачкылардан болуп жарыялаган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, телеграф оператор Любовь Нетупская 101 жашында каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Любовь Нетупская кечээ, 8-декабрда Беларусь өлкөсүнүн Гомель шаарында каза болгон.

Любовь Нетупская 1942-жылы 23 жашында 1-Белоруссия фронтунун штабына кирип, Беларуссияны, Польшаны жана Германияны бошотууга катышкан. 1945-жылы 2-майда ал Берлин шаарына кирген. Ал эми 8-майдан 9-майга караган түнү Москвага биринчилерден болуп, Германия биротоло багынып бергендиги тууралуу актыга кол койгондугу жөнүндө маалыматты берген.

Нетупская "Согуштун ардагери", "Кызыл Жылдыз" жана Ата Мекендик согуш ордендери, "Варшаваны бошоткондугу үчүн", "Берлинди алгандыгы үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.12.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жөнөкөй жана күчтүү аялдар екен ата мекенге жанын берген
10.12.2020. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа жонокой азыркылар митинге чыгып аянтта бир кыйкырса министрлик талашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: