super.kg logo

"Маркумдун денесин жолго таштап, унаасын айдап кеткен". Москва шаарынын тургуну Кыргыз жаранынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып 11 жылга эркинен ажыратылды

 

Москва шаарынын 55 жаштагы тургуну Кыргыз жаранынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта адам өлтүрүү фактысы 2019-жылдын февраль айында катталганы айтылат.

"Такси кызматынын айдоочусу болуп иштеген Кыргыз жараны менен 50 жаштагы Игорь Волков кезектеги чакыруулардын биринде таанышып калышат. Анда Кыргыз жараны жашоосу кыйын экенин айтып, акчанын жетишсиз болуп жатканына нааразы болот. Соттолуучунун айтымында, окуянын өнүгүшү төмөндөгүдөй болгон.

Кардар айдоочуга анын унаасын 200 миң рублга сатып алууну сунуштайт. Ал эми таксист унаасын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазып коймок. Экөө келишип, Волковдун унааларды бөлүктөргө ажыраткан гаражына бармак болот. Бирок жолдон таксист менен кардар акчанын айынан урушуп кетишет. Ортодо чоң жаңжал чыгып, Волков тапанчасын алып чыгып таксистти карай ок аткан. Анын кесепетинен Кыргыз жараны алган жаратынан улам ошол жерде жан берген. Игорь Волков маркумдун денесин жолго таштап, унаасын айдап кеткен.

Игорь Волков кармалгандан кийин тергөөдө күнөөсүн моюнга алган эмес. Ал таксистти өзүн коргоп жатып өлтүрүп алганын айткан. Анын көрсөтмөсүндө Кыргыз жараны Волковдун акчасын күч менен тартып алууга аракет кылганы жана мындан улам автоматтык түрдө тапанчаны алып чыгып ок чыгарганы жазылган.

Ал эми сот процесси убагында соттолуучу Игорь Волков күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган. Сот айыпталып жаткан адамдын өнөкөт жүрөк оорусу бар экенин эске алуу менен, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн чыгарган. Игорь Волков күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында мөөнөтүн өтөйт" , - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.12.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына закон иштейт экен
10.12.2020. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,кайдагы закон ошондо дагы кыргызды куноолу кылып жатпайбы бироонун машинасын болуп сатмай болгон деп эгер кыргыз орусту ошенткенде кыргызын тергоосуз эле туз турмого кирмек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: