super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Жергиликтүү кеңештерге шайлоо идеалдуу болгон жок, бирок ал демократиянын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадам болду"

 

Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге өткөрүлгөн шайлоо боюнча расмий билдирүү жасады. Ажонун билдирүүсүндө мындай деп айтылат: “2012-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо эркин жана айыгышкан күрөштө өтүп, Кыргызстандын элинин демократияга карай ишенимдүү кадамы болду. Ошол эле учурда шайлоонун алдындагы ыплас күрөштөр болбой койгон жок. Шайлоого катышкан партиялар менен байкоочулар коомчулуктун активдүүлүгүн белгилешти. Өткөн жылдардан айырмаланып, өлкө боюнча бир катар шаарларда 1 партия эмес, бир нече партия жеңишке жетишти. Өткөн шайлоо идеалдуу болгон жок, бирок ал демократиянын өнүгүшүндөгү ишенимдүү кадам болду деп айта алабыз. Шайлоонун катышуучулары жана байкоочулардын жардамы менен айрым мыйзам бузуу фактылары катталды. Мыйзам бузуулар укук коргоо органдары тарабынан кылдат иликтенүүсү, ал эми мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылуусу керек. Эми парламент өкмөт жана жарандык коом менен биргеликте келечекте шайлоонун жыйынтыгы күмөн туудурбай тургандай кылып, шайлоо мыйзамдарын аягына чейин иштеп чыгуусу керек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: