super.kg logo

Чүйдө мал уурдоого шектелген жарандар кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда үч уй уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 55 жаштагы О.А. аттуу Дача-Суу айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-ноябрга караган түнү сарайдан ар кандай түстөгү үч уйду белгисиз адамдар уурдап, из жашырып качып кеткен. Келтирилген чыгымдын көлөмү 240 миң сомду түзгөн.

"Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, 27 жаштагы Р.Р. жана В.А.аттуу Чүй облусунун тургундары кармалган. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, жогоруда аталган адамдар Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында жасалган мал уурулуктун дагы үч фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын мойнуна алышты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.12.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар кыргыз эместей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: