super.kg logo
  Спорт  

"Тырышып машыктык". Олимпиадага жолдомо уткан Мария Коробицкая сыйланды

 

Бүгүн, 9-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жөө күлүктөр Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин менен жолукту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Канат Шабданбаев спортчуларды II Ташкент эл аралык марафонунда (42 километр 195 метр) Мария Коробицкаяны аялдар арасында алтын медалга, ал эми Илья Тяпкинди күмүш медалга ээ болгондуктары менен куттуктады.

"Акыркы жылдары жеңил атлетика боюнча биздин курама командабыз бийик жетишкендиктерди көрсөтүп жатат. Мына бүгүн, Сиз, Мария, Кыргыз өлкөсү үчүн XXXII олимпиада оюндарына лицензия алып келдиңиз. Биз алдыдагы мелдештерде ийгилик жаратып, олимпиадада өлкөнүн намысын сыймык менен коргой алабыз деп ишенем. Ал үчүн биз максималдуу аракет кылып, тартипти бекем сактап, өзүбүзгө ишенимди бийик коюшубуз керек. Сиздерге ийгиликтерди, чың ден соолук каалайм. Бул медалдар кийинки жеңиштердин жакшы башаты болсун", – деди Шабданбаев.

Өз кезегинде, спортчулар ведомствонун директоруна жылуу кабыл алуусу жана каалоолору үчүн ыраазычылык билдиришти.

"Коронавирус пандемиясына карабастан жыл ичинде тырышып, машыгып келдик. Кийинки жылга көптөгөн пландар бар, марафонду дагы чуркап өтүп, өлкөнүн рекордун жаңылаганды каалайт элем. Азыркы учурда бул мен үчүн маанилүү милдеттердин бири. Анан албетте олимпиадага даярдык биринчи орунда. Эпидемиологиялык абал жакшырып, окуу-машыгуу жыйындар өз учурунда өтүп тураарына үмүтүбүз чоң", – деп белгиледи М. Коробицкая.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: