super.kg logo

Кыргызстандык «Атаман» Физиев UFC 256’да Мойкано менен беттешет. Беттешти O!TV каналынан кѳр

 

13-декабрда ѳтѳ турган UFC 256 турниринде аралаш күрѳш искусствосу (ММА) боюнча «Атаман» лакап аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев бразилиялык Ренато Мойканого каршы жеӊил салмак боюнча алдыӊкы 15 орун үчүн күрѳшѳт.

Беттештен түз алып беруү 13-декабрга пландалып, саат 09:00дѳ башталат. Мелдешти онлайн режимде O!TV мобилдик тиркемеси аркылуу UFC TB каналынан эксклюзивдүү кѳрүүгѳ болот.

Рафаэль Физиев 2017-жылдын февраль айында Таиландда ѳткѳн эл аралык турнирде «Матрица» кинотрилогиясынын башкы каарманы колдонгон душмандын соккусунан качуу ыкмасын кѳрсѳткѳн учурдан тартып атакка жеткен. Ушундан улам мушкер "кыргыз Неосу" деген атка конгон. Видео вирустуу болуп, кыска убакыт аралыгында 2 миллиондон ашык кѳрүп чыгууга ээ болгон.

Бул мелдеш кѳптү үмүттѳндүрүүдѳ. Физиев рингде Мойкано үчүн кѳйгѳй жаратууга жѳндѳмдүү.

Рафаэль Физиев – муай-тай боюнча Кыргызстандын кѳп жолку чемпиону. Мындан тышкары, ал койгулашуу жана джиу-джитсу боюнча бир катар турнирдин жеӊүүчүсү. Ѳзүнүн кесиптик карьерасында жалпысынан тогуз беттешке чыгып, алардын сегизинин жеӊүүчүсү боло алган. Фазиев UFC менен келишим түзгѳн тѳртүнчү кыргызстандык жаран. Аталган мушкерден башка, UFC’де биздин ѳлкѳбүздүн ѳкүлдѳрү катары эже-сиӊди Валентина жана Антонина Шевченколор, ошондой эле азырынча UFC беттештерине чыга элек Азиз Сатыбалдиев таанымал.

Фазиевдин атаандашы Ренато Мойкано дагы бир катар ийгиликтердин ээси. Ал алгач жарым жеӊил салмакта 5 мелдешти жеӊип чыккан жана 3 жолу утулган. Андан соӊ, жогорку даражадагы салмактык категорияга чыгып, жеӊил салмакта күрѳшкѳн. Мушкер ал жерден ѳзүнүн күйѳрмандарын Дамир Хадзовичти биринчи раундда 44 секунддун ичинде жеӊип чыгуусу менен таӊ калтырган.

Бул беттеште кимди колдойсуӊар? Жакынкы мезгилде жеӊил дивизионда карьералык тепкичтен ким жогорулай алат?

Кѳптѳн күткѳн спорттук трансляцияларды жана башка кѳптѳгѳн кызыктуу берүүлѳрдү каалаган түзүлүштѳн – смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же болбосо Smart TV функциясы бар Sony, Phillips, Samsung, LG телевизорлорунан кѳргүлѳ. https://o.kg/l/otv/ аркылуу O!TV тиркемесин жүктѳгүлѳ. *750*3# командасын терип, суткасына болгону 7 сомго «O!TV Премиум» пакетин кошуп алгыла. Кененирээк маалымат otv.kg сайтында.

O!TV күйгүз – «Атаманды» колдо!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: