super.kg logo

Ноокатта жол кырсыгынан 4 адам ооруканага жеткирилди

 

Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-декабрь күнү саат 17:30 чамасында, Ноокат- Папан унаа жолунда болгон. Анда Ноокат районунун тургуну П.К. Дэу-Ланос үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, 51 жаштагы кишини сүзүп, андан кийин Папан айылы көздөй бара жаткан Volkswagen Passat унаасы менен кагышып, жол кырсыгынын себепкери болгон.

Натыйжада Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары бара жаткан 3 адам жана биринчи сүзүп алган жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. Бул факты боюнча чогулган материалдар Ноокат РИИБине өткөрүп берилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.12.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абайлап айдагыла айдоочулар жолдо сак болуңуздар!!!
09.12.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн Оштун жолу аябай туман болчу. Туманда кырсыктаган окшойт. Мен да саат 15:30да Ноокаттан Ошко келдим эле. Жол туман болчу.
09.12.2020. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылдамдыкты ашырбай айданыздааааар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: