super.kg logo
  Саясат  

Депутат укук коргоо органдары тарабынан кайтарылып берилген каражаттар республикалык бюджетке жөнөтүлө турганын айтты

 

Депутат Наталья Никитенко укук коргоо органдары тарабынан кайтарылып берилген каражаттар республикалык бюджетке жөнөтүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында “Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарылып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Наталья Никитенко Коопсуздук кеңешинин чечиминин жана өкмөттүн токтомунун негизинде бирдиктүү депозит эсебиндеги каражаттар укук коргоо органдарында калтырылбай, түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлүүгө тийиш экенин айтты. "Мыйзам долбоору тарабынан тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Экономикалык жана кызматтык кылмыштардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды төлөө иретинде түшкөн каржылык каражаттар түздөн-түз бюджетке жөнөтүлөт", - деп белгиледи Никитенко.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: