super.kg logo

MegaCom: 2020-жылдын 10 айы үчүн бюджетке төлөмдөр 885,4 миллион сомдон ашты

 

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 2020-жылдын 8-декабрында Tazabek басылмасы тарабынан жарыяланган «MegaCom’дун 10 ай ичиндеги бюджетке төлөмдөрү 6 эсеге азайды» деген макаласындагы маалыматты четке кагат.

2019-жылдын жана 2020-жылдын 10 айы үчүн салык милдеттенмелери жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча аталган басылмада жарыяланган толук эмес маалыматтар боюнча «Альфа Телеком» ЖАК төмөндөгүнү маалымдайт:

2020-жылдын 10 айында компания тарабынан 655 млн 760 миң сом суммасында салык милдеттенмелери (2019-жылдын 10 айындагы көрсөткүчтөн 84,5%), 229 млн 700 миң сом (113,8%) суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн, тактап айтканда, жалпы сумма 885 млн 460 миң сомго (90,6%) барабар.

«Альфа Телеком» ЖАК бардык милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толук көлөмдө төлөнгөндүгүн баса белгилейт.

MegaCom уюлдук оператору Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке төлөнгөн жана төлөнө турган милдеттенмелер жөнүндө ишенимдүү жана объективдүү маалыматтарды гана жарыялоо өтүнүчү менен кайрылат жана коомчулукту адаштырган жана компаниянын ишкердик аброюна терс таасирин тийгизген жалган маалыматтарды жайылтпоону суранат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: