Илон Маск "Forbes'тин" миллиардерлеринин тизмесинде экинчи орунга көтөрүлдү
"SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск "Forbes" журналынын рейтингиндеги миллиардерлеринин тизмесинде биринчи жолу экинчи орунга көтөрүлдү. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка караганда, 8-декабрга карата Масктын байлыгы 144 миллиард 7 миллион долларды түздү. Ал эми анын кирешеси 1 миллиард 6 миллион долларга көбөйгөн.
"Forbes" журналынын рейтинги боюнча миллиардерлердин алдынкы орунда тургандардын тизмеси:
- Биринчи орунда "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос;
- Экинчи орунда "SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск;
- Үчүнчү орунда "Microsoft" компаниясынын негиздөөчү Билл Гейтс;
- Төртүнчү орунда "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын ээси Бернар Арно;
- Бешинчи сапта "Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.