Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына чыккан макала боюнча түшүндүрмө берди
SUPER.KG порталына 7-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылындагы №26 "Айданек" бала бакчасы толугу менен күйүп кеткендиги кабарланган. Аталган айылдын тургуну Илгиз Кантемир уулу SUPER.KG порталына өрт тууралуу айтып жатып, өрт өчүрүү кызматы 2 сааттын ичинде келгенин билдирген.
Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.
"Өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 00:15те келип түшкөн жана өрт болгон жерге Аксы району боюнча ӨКМнын №70 өрт куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү унаасы саат 00:18де жөнөтүлүп, өрт болгон жерге саат 01:29да (71 минута) жетип барган.
Өрт кырсыгы катталган Сыны айылы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 45 чакырым алыстыкта, тоолуу аймакта жайгашкандыктан 45 чакырым аралыкты 71 минутада басып өткөн", - деп жазылат мекеменин маалыматта.







1 |