Ошто карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси өттү
Ош шаарында 1-октябрь күнү карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси болду. Уюштуруучулар Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери. Иш-чаранын жүрүшүндө карыларга балдар чыгармачылык борборунун өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты. Жарманке, концерттик программалар бүткөн соң уюштуруучулар карыларга белектерин беришти.
Мындай иш-чара ушуну менен токтоп калбай, карыларды колдоо максатында жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардык, облустук мекеме, ишканаларда майрамдык куттуктоо салтанаттары уюштурулуусу күтүлүүдө. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

