Бишкекте балдардын Жаңы жылдык балатысын өткөрүүгө тыюу салынды
Бишкек шаарында пандемиядан улам балдарга арналган Жаңы жылдык балатыны өткөрүүгө тыюу салынды. Бул боюнча шааардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык бийлик анын ордуна миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди берүүнү пландоодо. Учурда белек үчүн атайын тендер жарыяланган.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин жетекчиси Төлөн Исаков Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам экендигин эскертип, өлкөдөгү учурдагы абалдан улам чакан чөйрөдө чогулууну гана сунуштады.
Акыркы сутка ичинде калаада коронавирус илдети 120 жарандан аныкталганын республикалык штаб маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.