Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын бузган 110 кызмат адамын тартиптик жоопкерчиликке тартты
Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын бузган 110 кызмат адамын тартиптик жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 9 айында прокуратура органдары тарабынан инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө багыты боюнча 125 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 390 мыйзам бузуулар аныкталган.
Орун алган мыйзам бузууларды четтетүү максатында сотко 1 доо арыз түшүп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 3 материал катталган. 1 миллион 509 миң 100 сомдук зыян акчалай түрдө мамлекетке өндүрүлгөн. Мындан сырткары келтирилген 151 прокурордук актылардын негизинде 110 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча башкы прокурордун буйругу менен Башкы прокуратуранын курамында тийиштүү бөлүм түзүлгөн.
Бөлүм түзүлгөндөн баштап 42 кайрылуу каралып, кароонун жыйынтыгы менен 3 прокурордук акт келтирилген (1 сунуш, 1 талап жана 1 каршылык билдирүү).
2020-жылдын 9 айында укук коргоо органдары тарабынан жеке ишкерлерге карата 1 миң 786 сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жосундарда кылмыштын жана жоруктун курамы жок болгондуктан 810 сотко чейинки өндүрүш иши (бардык иштин 45,35%) тергөө учурунда кыскартылган.
Ошондой эле жогоруда белгиленген убакыт аралыгында прокуратура органдарында ишкердик субъекттердин ишине жалпы 3 мин 632 текшерүү актылары катталып, алардын 117си мыйзам талаптарын сакталбагандыктан каттоодон баш тартылган", - деп жазылат маалыматта.


