super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдө экологиялык зыян келтирүүлөр талаш-тартыш жаратты"

 

ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдө экологиялык зыян келтирүүлөр талаш-тартыш жаратты",- деп билдирди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү, экологиялык коопсуздук маселелери көтөрүлгөн. Кыргызстан үч консультантты жалдады. Көйгөйлөрдү чечүүдөгү варианттардын катарына коомчулук талап кылгандай макулдашууну денонсациялоону да киргиздик. Үлүштөрдү тең бөлүү компромисттик чечим болду”,- деди премьер-министр. “Центерра” өлкөнүн экологиясына келтирилген зыяндарды моюнга алып, зыяндын суммасын аныктоодо талаш-тартыштар жаралыптыр. “Төлөнө турган акыркы сумманы дагы карап чыгуу керек”,- деди Сатыбалдиев. 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: