Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган адам куткарылды
Бишкекте өз жанын кыюуга аракет жасаган 33 жаштагы жаран куткарылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашып, окуя 9-декабрда эртең менен болгонун билдиришти.
"9-декабрда саат 09:40та Логвиненко көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде эркек адам (1987-жылы туулган) өз өмүрүн кыюуга аракет жасагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаран өз алдынча эшигин ачкан. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.