super.kg logo
  Саясат  

Максат Мамытканов шайлоого карата даярдыктар менен жеринде таанышуу үчүн Баткен облусуна иш сапары менен барды

 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 2021-жылдын 10-январына белгиленген президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен барды. Ал Баткен облусунун чектеш аймактарында жумушчу сапары менен жүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо комиссияларына шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, анын ичинде пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо, кошумча электр генераторлорун коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.

Максат Мамытканов билдиргендей, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында форма-2нин колдонулушу элдин нааразычылыгынын себептеринин бири болгон.

Вице-премьер-министр алдыдагы шайлоодо форма-2 колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн-өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.

Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217 түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 203 түзүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өткөрүү боюнча кеңири маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: