super.kg logo
  Саясат  

Артём Новиков "Эркечтам" өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, андагы кемчиликтерди белгиледи

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Артём Новиков белгилегендей, жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана контактсыз негизде жүрүшү керек деп белгиледи.

"Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алынып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат", - деди Артём Новиков.

Ошондой эле салмак габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер да белгиленди.

"Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясына кол менен түзөтүү киргизүүсүз маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек, ал тутум милдеттүү түрдө салмак көзөмөл жана инспекциялык-текшерүү комплексине тутумдаштырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек", - дейт Новиков.

Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга тобокелдиктерди башкарууну, натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну, автоматташтыруунун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: