Нарында Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды
Бүгүн, 10-декабрда Нарын шаардык штабынын кезектеги отуруму өтүп, анда акыркы эпидемиологиялык кырдаал талкууга алынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Нарын шаарында кырдаал туруктуу. Коронавирус жана пневмония оорулары дагы деле катталууда, буга ылайык бир катар чектөөлөр күчүндө калтырылат.
Шаардык штабдын чечимдери:
- Жаны жылдык кечелер уюштурулбайт;
- 50дөн ашык орундуу кафе-ресторандар иштебейт;
- Банктар банкоматтардагы кезектерди жөнгө салып, санитардык талаптарды аткарууга тийиш;
- Орто мектептерде класстарды желдетүү, тазалоо, байланышсыз санитайзерлер жетиштүү коюлушу шарт;
- Мектептерде сабактардын ийкемдүү жүгүртмөсү толук аткарылышы керек;
- Базар жана ири соода түйүндөрү санитардык тазалоо күндөрүндө тазалоону талаптагыдай аткарууга тийиш;
- Медицина кызматкерлери, орундуктар (койка) жана дары-дармектер жетиштүү камсыздалышы керек.
Белгиленген нормаларды аткарбаган тараптарга айып салына тургандыгы жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mirlanpiter

11.12.2020. 03:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык област , райондордо да ушул эрежелерди киргизүү керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.