УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев кылмышка тиешеси бар делинип, бир нече ирет сотко жана сурак иштерине чакырылган.
Болот Сүйүмбаев суракка келбегенине байланыштуу УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча шектелип жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды.
Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү
жоопко тартууга багытталган керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




1 |