Финансы полициясы 75 медицина кызматкерине кылмыш ишин козгоду

Пандемия башталгандан бери Саламаттыкты сактоо министрлигинин 75 кызматкерине карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, пандемия учурунда гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана "Тез жардам" кызматына унаа сатып алууда коррупциялык фактылар аныкталган.
Бул иштердин бири боюнча сентябрь айында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Тийиштүү кызматтагы адамдарга шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча иш козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.