Бишкекте акыркы 11 айда 1 миң 956 жол кырсыктары катталып, 2 жарым миң адам жаракат алган



Милициянын кайгуул кызматы 11 айда иштеген ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Анда Бишкек шаарынын аймагында 11 ай ичинде жалпысынан 1 миң 956 жол транспорт кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 393кө азайган. Ал эми жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2 миң 588 адамды түзгөн. Ошондой эле 66 жаран көз жумган.
"Жалпысынан алганда 11 ай ичинде Бишкек шаарынын аймагында өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга жол кырсыктары азайган. Бирок коомчулук жол кырсыктарынын санынын азайуусу пандемия учурунда жарандардын көпчүлүгү үйдө болгондугун айтып келет. Түшүндүрүү иретинде айта турган болсок пандемия учурундагы 23-марттан 11-майга чейинки статистиканы алып карай турган болсок, ошол учурда Бишкек шаарынын аймагында 119 жол кырсыгы катталган болсо, өткөн жылдын ошол эле убагында жол кырсыктарынын саны 275ти түзгөн.
Пандемия учурунда жол кырсыгы болгону 156га азайган болсо, бүгүнкү күндө 393гө азайгандыгы байкалган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.


