Бишкектин айрым аймактарында абанын булганышы кескин жогорулады
Бүгүн, 11-декабрь саат 9:30га карата Бишкектин айрым аймактарында абанын булганышы кескин жогорулады. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 206 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 237). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 208 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 219).
Аламүдүн-1 кичи району – 179 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 357).


