Ошто жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан белгисиз кишинин жансыз денеси табылды
Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, маркумдун аты-жөнү белгисиз.
Белгилүү болгондой, 10-декабрь күнү саат 14:34тө Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Жерине барган куткаруучулар маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү, жынысы жана туулган жылы такталып жатканын кабарлашты мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.