super.kg logo

Чүйдүн Байтик айылында тамакка уулангандардын абалы айтылды. Айрым кызматкерлерге айып салынды

 

8-декабрда Чүй облусунун Байтик айылындагы 23 баланын тамакка ууланганы кабарланган. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле министрликтен тамакка ууланып балдар клиникалык ооруканасына жалпы 25 жаран жаткырылганын, анын 24ү бала, бирөө чоң адам экенин билдиришти.

"Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун оорунун очогунда жүргүзгөн санитардык-гигиеналык иликтөөсүнүн жүрүшүндө бир катар санитардык эрежелер бузулгандыгы аныкталды.

Аныкталган эреже бузууларга ылайык, мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам бузуу фактысы боюнча жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды:

- аталган мектептин жетекчисине - 23 миң сом айып (150/4 берене боюнча);

- кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчүгө - 7 миң 500 сом айып (150/4 берене боюнча);

- медициналык кызматкерге - 7 миң 500 сом айып (150/4 берене боюнча);

- ашпозчуга - 7 миң 500 сом айып (150/4 берене боюнча).

Оорунун очогунда санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү алынды. Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн алынган тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү иштөөдө, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет", - дешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: