super.kg logo

"Унаасындагы баштыктан кекиликтер табылды". Өзгөндө аң уулоонун талаптарын бузган жарандар аныкталды

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда аң уулоо режиминин талаптарын бузган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаары, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча инспекторлору тарабынан мыйзамсыз аң уулоо жана балык корлорун коргоо максатында атайын рейд жүргүзүлгөн.

"Рейд учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро - Мырза-Аке автоунаа жолунан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү, Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын И.Б. аттуу тургуну токтотулган. Текшерүүдө анын автоунаасынан табылган баштыкчадан кекиликтер чыккан, жарандын жанында ок атуучу курал же башка аңчылык кылуучу куралдар табылган эмес. Кекиликтерди тузак коюлуп кармагандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча “Бузуулар жөнүндөгү” кодекстин негизинде 12 миң 500 сом айып пул салынып жана жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 4 миң сом доо коюлду", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары жарандарга аң уулоо режимдеринин талаптарын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.12.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өтө коркунучтуу уучуну кармаган турбайсыңарбы
11.12.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эмне болот
11.12.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии кантип кармашты экен кармаган кишиге орден тагыш керек
11.12.2020. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аркарларды атып олтургондорго эч нерсе кылбай эле, кекилик кармагандарды тонойт экенсинер да.
11.12.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз илгери кекилик жеп эле чонойгонбуз
11.12.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармаганы кекилик
Бул кылганы чекилик
Кийик аркар атканга
Кейип чыкпайт бекинип


12.12.2020. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аркады ээрчитип барып коротуп аттырып атып ал а орусту энесинин эгизиндей кучактап кут уктап котунон чоп этирип ооп узатып койуп анан кекилик тутуп алган адамды кармап алыптыр го коттор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: