super.kg logo

Казакстандын бийлиги чиновниктерге чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салды

 

Казакстан Сенаты мамлекеттик кызматкерлерге, парламент депутаттарына жана сотторго чет өлкөлүк банктарда эсеп ачууга, акча жана баалуу буюмдарды сактоого тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ошол эле учурда мындай тыюу алардын жубайларына, балдарына тиешелүү эмес.

"Сенатор Андрей Лукин бул Казакстан үчүн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн жаңы инструменти экенин, буга байланыштуу биринчи тажырыйба топтоп, андан соң гана мыйзамга чиновниктердин үй-бүлө мүчөлөрүн кошуу зарылдыгын айтты", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин сентябрь айында Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев (Арам акчаны адалдоого каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу) тобунун сунушу менен аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салуу пландалып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: